• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

ИИМдин Республикалык окуу борборунда семинар-тренинг өткөрүлдү

Коом 0

Бишкек, 07.07.22. /Кабар/. 5-6-июлда Ички иштер министрлигинин Республикалык окуу борборунда "Ыкчам көрсөткүч жана маалыматтын негизинде полициянын ишмердүүлүгү" темасында семинар-тренинг өткөрүлдү.

Ведомстводон билдиргендей, семинар-тренинг ЕККУнун программалык кеңсесинин колдоосу менен уюштурулду.

Иш-чарага ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин аскердик-саясий бөлүмүнүн башчысы А.Елисеев, ЕККУнун Бишкектеги кеңсесинин кенешчиси Ш.Мамыров, окуу борбордун начальниги К.Кадыркулов, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жана Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын кылмыш иликтөө кызматкерлери катышты.

Окуу борборунун начальниги Кылыч Кадыркулов семинар-тренингдин катышуучуларынын иштерине ийгиликтерди каалап, уюштуруучуларга мындан ары да кызматташууга даяр экендигин билдирди.

ЕККУнун тренерлери аналитикалык маалыматтарды колдонуу тууралуу тажрыйбалары менен бөлүшүп, кеңири маалымат беришти. Жыйынтыгында катышуучуларга сертификат тапшырылып, методикалык колдонмолор берилди.

Пикир

Оставить комментарий