• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте генерал-майор Жапар Шабировдун 100 жылдыгына арналган иш-чара өттү

Коом 0

Бишкек, 10.11.21. /Кабар/. Бүгүн, 10-ноябрда Ички иштер министрлигинин Республикалык окуу борборунда милициянын генерал-майору Жапар Шабировдун 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бул салтанатка ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов, ИИМдин Республикалык окуу борборунун начальниги Кылыч Кадыркулов, ИИМдин Генералдар клубунун төрагасы Садырбек Дубанаев, ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Султанбек Жоошбаев, Жапар Шабировдун туугандары, чогуу иштешкен кесиптештери, бул окуу жайда окуп кеткен бүтүрүүчү генералдар, окуу жайда жетекчилик кызматтарда иштеген жетекчилер, окуу борбордун ардактуу эс алууда жүргөн ардагерлери жана башка ар кандай уюм, фонд, мекеме, окуу жайлардын өкүлдөрү катышты.

Ведомстводон белгилегендей, бул ири масштабдуу иш-чара болуп саналгандыктан үч бөлүктөн туруп, биринчи бөлүгүндө ИИМдин жетекчилиги жана келген коноктор менен биргеликте генералдын эстелигине гүлчамбар коюлду. Ошондой эле милиция кызматкерлеринин коомдук тартипти сактоодогу чеберчиликтери, аскердик парады көрсөтүлдү.

Салтанатта Республикалык окуу борбору тарабынан тартылган Жапар Шабировдун өмүр баянынан баштап, анын жасап кеткен ишмердүүлүгү тууралуу тартылган атайын видео тасма, андан тышкары, келген конокторго маалымат ирээтинде бул окуу жайдын бүгүнкү күндөгү ишмердүүлүгү тууралуу кыска видео ролик көргөзүлдү, андан тышкары, милициянын генерал-майору Жапар Шабиров тууралуу президенттик архивдин жетекчиси Мелис Айдаркулов тарабынан чыгарылган китептин бет ачары көргөзүлдү.

Жапар Шабиров 1920-жылдын 1-июлунда Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Өрүктү айылында туулган. Бул адам өз өмүрүн ички иштер органдарына арнап иштеп келген. 1936-жылы ал окуусун Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Түп айыл-чарба техникумуна тапшырып, аны аяктагандан кийин ошол жерге окутуучу болуп иштеген.

1942-жылы облусттук комитеттин чечими менен Жапар Шабиров СССРдин Алма-Ата шаарындагы ИИМдин аймактар аралык мектебине окууга жөнөтүлүп, аны ийгиликтүү аяктап келген.

Ички иштер органдарындагы алгачкы кызматын Ысык-Көл облусунун Түп райондук милициянын аймактык тескөөчүсү кызматынан баштап, кийин облустук ИИБнын кылмыш иликтөөнүн ыйгарым укуктуу ыкчам кызматкери кызмат ордуна которулган. Кийинчерээк Ички иштер министрлигинин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүнүн ыйгарым укуктуу ыкчам кызматкеринен ушул эле бөлүмдүн начальниги кызматына чейин көтөрүлгөн.

1969-жылы Фрунзедеги Ички иштер министрлигинин Атайын орто мектебинин начальниги болуп дайындалган. Жапар Шабиров 1982-жылы 17-декабрда жаш курагы жеткендигине байланыштуу ардактуу эс алууга чыккан. 1983-жылдан баштап ардагерлер кеңешинин төрагасы болуп, ИИМдин коомдук иштерине активдүү катышып, музейге материалдарды чогултууда жигердүү салымын кошкон.

Кызматтык милдеттерин так жана жоопкерчиликтүү аткаргандыгы, кылмыштуулук менен күрөшүүгө кошкон зор салымы үчүн Жапар Шабиров көптөгөн сыйлыктардын ээси болгон.

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2001-жылдын 14-майындагы токтому менен ИИМдин атайын орто мектебине Жапар Шабировдун аты ыйгарылган. Азыркы күндө да бул окуу жай ички иштер органдарына жаш кадрларды даярдоодо өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет.

Пикир

Оставить комментарий