• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

ИИМдин Республикалык окуу борборунда зомбулуктун алдын алуу боюнча семинар-тренинг өттү

Коом 0

Бишкек, 10.12.21. /Кабар/. 2021-жылдын 10-декабрында ИИМдин Республикалык окуу борборунда "Аялдарга жана балдарга карата зомбулуктун алдын алуу жаатында Кыргыз Республикасынын ИИОнун Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлеринин ишмердүүлүгүн өркүндөтүү” аталышындагы семинар-тренинг өткөрүлдү. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бул семинар-тренингге ЕККУнун өкүлү Константин Бедарев, Демократиялык процесстерди изилдөө борборунун өкүлү Гүлбарчын Жумабаева, Бишкек шаарынын мэриясына караштуу зомбулуктан жабыр тарткан балдарга жардам берүү борборунун өкүлү Динара Давлетова, ИИМдин КККнын Жашы жете элек өспүрүмдөрдүн иштери боюнча бөлүмүнүн начальниги Нуржан Адылова, ИИМдин КККнын инспектору Жылдыз Осмонова жана милициянын аймактык тескөөчүлөрү менен жашы жете электердин иштери боюнча инспекторлор катышты.

Бул семинар-тренингде төмөндөгүдөй багытта суроолор талкууланды:

1. Зомбулукка кабылган аялдар жана кыздар үчүн базалык кызмат көрсөтүүлөрдүн негизги принциптери жана стандарттары;

2. ЖИИнин жана МУУнун иштери боюнча тескөөчүлөрдүн аялдарга карата гендердик зомбулук тууралуу маалыматтарды алуу, аныктоо, шек саноо учурундагы аракеттеринин алгоритми;

3. ИИОнун кызматкерлеринин калк менен сүйлөшүүсүнүн этикалык стандарттары;

4. ИИОнун кызматкерлеринин эмоционалдык түгөнүүнүн алдын алуу;

5. Жаны кодекстердин талаптары жаатында балдардын укуктук абалы;

6. Укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштүн өзгөчөлүктөрү.

Бул семинар-тренингдин максаты Кыргыз Республикасынын ИИОнун коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлеринин ишмердүүлүгүн өркүндөтүү болуп саналмакчы.

Пикир

Оставить комментарий