• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ИИМдин РФдагы өкүлчүлүгү Москвадагы кыргыз диаспоранын өкүлдөрү жана активисттер менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 23.07.20. /Кабар/. Күн мурун, 22-июлда жаштар тарабынан укукка каршы аракеттердин жасалышын болтурбоо жана эскертүү максатында Кыргыз Республикасынын РФдагы элчилигинин имаратында диаспоралардын өкүлдөрүнүн жана активисттердин катышуусунда жолугушуу уюштурулду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууга Россия ИИМнин Экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча башкы башкармалыгынын борборунун башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу, милициянын полковниги А. Рогожин, Кыргыз Республикасынан КМШнын уюшкан кылмыштуулук жана башка кылмыштардын коркунучтуу түрлөрү менен күрөшүүнү координациялоо боюнча бюросунун (БКБОП) директорунун орун басары, милициянын полковниги Аскат Алиев, Кыргыз Республикасынын РФдагы элчилигинин кызматкерлери, аксакалдар кеңешинин мүчөлөрү, диаспоралардын, спорттук клубдардын өкүлдөрү жана башка активисттер катышкан.

"Жолугушуунун катышуучуларына кыргыздар менен тажиктердин ортосунда болгон окуя боюнча туура маалымат жеткирилди. Андан соң, катышуучулар кайрылууларды жасап, жаштарды социалдык тармактарда жана ар кайсы мессенджерлерде улуттар аралык чыр-чатакты козуткан орунсуз билдирүүлөрдү токтотуп, улуттук маселелерге тиешелүү болгон такталбаган маалыматтарды таратпоого чакырышып, жаш муундарга мындан ары түшүндүрүү иштерин жигердүү жүргүзүшөрүн айтып өтүштү", - деп билдиришти ИИМден.

Чет өлкөлүктөр менен жолуккан Москавадагы кыздарды жазалоого чакырган адамдар Б.Б., менен А.А., социалдык тармактарда этиятсыз айтылган билдирүүлөрү үчүн Кыргызстандын элинен ачык түрдө кечирим сурашып, күнөөсүн моюндарына алышты. Андан соң алар Россиянын ИИМдин Экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча башкы башкармалыгынын борборуна Россия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык юридикалык баа берүү үчүн чакырылды.

Андан сырткары, бул жолугушуу «Facebook» аркылуу онлайн өткөрүлүп, жолугушуунун катышуучулары видео кайрылуу жасашкан.

Ошондой эле улуттар аралык чыр-чатакты болтурбоо үчүн Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчилигинин имаратында кыргыздар менен тажиктердин диаспораларынын жетекчилеринин жолугушуусу уюштурулду. Жолугушууда тараптар мындан ары Россия Федерациясынын көп улуттуу чөйрөсүндө улуттар аралык чатактарды болтурбоого багытталган достук мемилерин бекемдөөнү талкууга алышкан.

"Катышуучулар жаштар арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү колго алуу менен Москва облусунда жана шаарында жашаган башка улуттардын өкүлдөрүн дагы кошуп, маданий-спорттук иш-чараларды биргеликте өткөрүү керектигин белгилешти. Азыркы учурда жаштар арасында мессенджер жана социалдык тармактарда улуттар аралык чыр-чатактарды козутууга түрткөн, анын ичинде улуттук маселелерге тиешелүү жалган маалыматтарды таратпоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий