• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Милиция Россияда жоголгон кыргызстандыктарды тынымсыз издөөдө

Коом 0

Бишкек, 11.10.21. /Кабар/. КР Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгү өзүнүн ыйгарымынын чегинде Россиянын Ички иштер министрлигинин аймактык бөлүмдөрү менен биргеликте дайынсыз жоголгон жана узак убакыттан бери туугандары менен байланышпаган жарандарды издөө боюнча иштерди жүргүзүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 9 айында өкүлчүлүккө Россияда дайынсыз жоголгон 64 жарандын жакындары издөөгө көмөктөшүү өтүнүчү менен кайрылышкан. Россиянын Ички иштер министрлигинин аймактык бөлүмдөрү менен биргеликте Россиянын аймагында кыргыз жарандарын аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында 57 жаран аныкталган, анын ичинде 47 жаран бул жылы, 10 жаран мурдагы жылдардан бери издөөдө болгон.

Белгилүү болгондой быйыл изделип жаткандардын ичинен 4 жарандын жансыз денеси киши колдуу болуп өлгөн белгилери жок өлүкканадан табылган, 1 жарандын өздүгү таанылган эмес, ал боюнча туугандык мамилесин тастыктоо боюнча экспертизанын (ДНК) натыйжасында таанылып, учурда процессуалдык текшерүү жүргүзүлүүдө. 1 жаран оорукананын жандандыруу бөлүмүнөн табылган, 8 жаран абакта экени аныкталган.

Ал эми өткөн жылдардан бери изделип жаткан 5 жарандын жансыз денеси өлүкканадан киши колдуу болуп өлгөн белгилери жок табылса, 1 жаран эркинен ажыратылган жерден табылган, 4 жарандын туугандары менен байланышпай, үй-жайсыз калышканы аныкталган.

Учурда КР ИИМдин РФдагы өкүлчүлүгү аймактык бөлүмдөр менен биргеликте дайынсыз жоголгон дагы 7 жарандын жүргөн жерин аныктоого багытталган чараларды көрүүдө. Анын ичинен 3 жаран мурдагы жылдардан бери изделип жатса, быйыл 4 жаран изделүүдө.

"Дайынсыз жоголгондорду табуу үчүн көп эмгек талап кылынат. Дайынсыз жоголуунун бардык жагдайларын аныктоо, ошондой эле дайынсыз жоголгон адамдын акыркы жолу жүргөн жерине текшерүү жүргүзүү зарыл. Дайынсыз жоголгон адамды акыркы жолу көргөндөр сууралып, эмне болгонун түшүндүрө ала турган күбөлөр суралат, дайынсыз жоголгон адам кандай жолдор менен басып өтүшү мүмкүн болгон жолдор видеокамералар аркылуу изилденет", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий