• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгү тарабынан мамлекеттер аралык издөөдө жүргөндөр кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 09.06.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгү тарабынан ар кандай мыйзамсыз аракеттерди жасагандыгы үчүн мамлекеттер аралык издөө жарыяланган адамдардын жүргөн жерин аныктоо боюнча иштер улантылууда. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

КР ИИМдин РФдагы өкүлчүлүгүнүн жардамы менен Россия Федерациясынын аймактык укук коргоо органдары өз мекенинде издөөдө жүргөн жана Россиянын аймагында жашырынып жүргөн жарандар аныкталды.

2020-жылы мамлекеттер аралык издөө жарыяланган 1995-жылы туулган КР жараны Р.А.нын жашаган жерин аныктоо боюнча иштер жүргүзүлдү, ал Кылмыш-жаза кодексинин буга чейинки редакциянын 166-беренесинин 2-бөлүмү менен (олуттуу өлчөмдө жасалган алдамчылык фактысы боюнча) Бишкек шаарынын Ленин РИИБси тарабынан издөөгө алынган.

2015-жылы жайында аталган жаран BMW үлгүсүндөгү автоунааны сатып алган, бирок болгону 1000 доллар төлөгөн, калган суммасын кийинчирээк төлөп берүүгө убада берип, андан көп өтпөй бир айдан кийин ал БМВны башка унаага алмаштырып, өзү качып кеткен.

Учурда издөөнүн демилгечисине анын кармалгандыгы тууралуу билдирүү жөнөтүлүп, изделип жаткан адам Москва шаарынын тергөө абагына киргизилип, Минск конвенциясына ылайык аны өткөрүп берүү (экстрадиция) маселеси чечилип жатат.

КР аймагында кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн 1985-жылы туулган, Ысык-Көл облусунун жараны М.А. (аял киши) Москва шаарында жашырынып жүргөндүгү аныкталган. Бишкек шаарынын Октябрь РИИБи тарабынан 2021-жылдын башынан бери КР Жазык кодексинин 268-беренеси боюнча издөөдө жүргөн (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо).

Издөөнүн демилгечисине кармалгандыгы тууралуу кабарланып, аны белгиленген тартипке ылайык КРнын компетенттүү органдарынын өкүлдөрүнө андан ары кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн өткөрүп берүү маселеси чечилүүдө.

Издөөдө жүргөн Ош облусунун тургуну, 1985-жылы туулган Э.М. РФ аймагында кармалган, ал Баткен облусунун Кызыл-Кыя ШИИБи тарабынан 2016-жылдын июнь айынан бери КР Кылмыш-Жаза кодексинин 234-беренесинин 2-бөлүгүндө (Бейбаштык) каралган кылмыш ишин жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн (мурунку редакциясы 1997-ж.).

Кийинчерээк ал мамлекеттер аралык издөөгө алынган. Азыркы учурда издөөнүн демилгечисине билдирүү жөнөтүлдү, аны менен бирге кармалган адамды КРнын компетенттүү органдарынын өкүлдөрүнө өткөрүп берүү, андан ары жоопко тартуу маселеси чечилип жатат.



Пикир

Оставить комментарий