• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ИИМдин санариптештирүүнү өнүктүрүү боюнча орун басары болуп Суюнбек Ниязбеков дайындалды

Коом 0

Бишкек, 09.02.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин тескемесине ылайык, ички иштер министринин санариптештирүүнү өнүктүрүү боюнча орун басары болуп
Суюнбек Ниязбеков дайындалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, президенттин администрациясынын Кырдаалдык борборунун директору Адилет Жанузаков ИИМдин өздүк курамына Суюнбек Ниязбековду тааныштырып, аны ИИМдин санариптештирүүнү өнүктүрүү боюнча орун басары-ошол эле убакта ИИМдин маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын начальниги болуп дайындалгандыгын белгилөө менен бирге ички иштер органдарынын санариптештирүү жана маалыматташтыруу маселелерин көзөмөлдөйт деп айтты.

“Санариптештирүү маселелери укук коргоо тутумунун ишин өркүндөтүү үчүн маанилүү. Санариптештирүү - бул азыркы учурда жүргүзүлүп жаткан ИИМдин масштабдуу реформасынын стратегиялык багыты. Мындан ары дагы санариптештирүүнү толук алып кетесиздер деп ишенебиз. Бул чоң жоопкерчилик”, - деди Адилет Жанузаков.

Суюнбек Ниязбеков ички иштер органдарына маалыматтык технологияларды колдонуу чөйрөсүндө чоң тажрыйбага ээ.

Суюнбек Ниязбеков 1969-жылы Нарын шаарында туулган. Ички иштер органдарында кызмат өтөөнү 2001-жылы баштаган. ИИМдин ички иликтөө кызматында жетекчилик кызматтарда иштеген.

Өлкөдөгү өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал киргизилген убакта Бишкек шаарынын комендатынын орун басары болуп кызмат өтөгөн. 2020-жылдын февралынан тартып азыркы учурга чейин КР ИИМдин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын начальниги кызматында иштеп келген. Ички иштер органдарынын катарында кынтыксыз кызмат өтөгөндүгү үчүн “Даңк” медалы жана бир катар мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган.

"Азыркы учурда санариптештирүү өзгөчө маанилүү багыт болгондуктан мамлекетибиздеги министрликтердин бардыгында буга чейин министрдин санариптештирүү боюнча орун басарлары киргизилгендигин маалымдайбыз", - деп кошумчалашты ИИМдин басма сөз кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий