• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ИИМдин «Шумкар» атайын багыттагы полкунда 2021-жылдын жыйынтыгы чыгарылды

Коом 0

Бишкек, 19.01.22. /Кабар/. 2022-жылдын 18-январында ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетовдун катышуусунда «Шумкар» атайын багыттагы полкунда 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча ыкчам кеңешме өткөрүлдү.

ИИМдин «Шумкар» полкунун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, кеңешменин жүрүшүндө ар бир жетекчи 2021-жылда аткарган иштери боюнча маалымат беришти.

Полктун өздүк курамынын отчеттук мезгилде негизги күчү республиканын аймагында укук тартибин күчөтүү жана укук бузууларды алдын алуу боюнча ИИМдин башка кызматтары менен биргеликте бир катар иштерди алып барууга жана массалык, коомдук-саясий иш-чараларды өткөрүүдө, чет өлкөлүк делегацияларды тосууда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоого багытталды.

Октябрь Урмамбетов 2021-жылдын 1-декабрында күчүнѳ кирген кодекстер тууралуу кызматкерлерден сурап, мындан ары окуп үйрөнүүгө жана күнүмдүк кызматта колдонууга даяр болуусун, ошондой эле кызматтык тартипти сактоосуна басым жасап кесиптик жөндөмдөрүн үзгүлтүксүз жакшыртууну талап кылды.

Полктун командири Аскат Султаналиев кызмат башчыларынын жана бөлүк командирлери тарабынан кетирилген бир катар кемчиликтерди белгиледи. Аларды тез аранын ичинде жоюуну табыштап, өздүк курамдын негизги багыты болгон күжүрмөн даярдыгын жогорку деңгээлде кармоо, өздүк курам арасында кызматтык тартиптүүлүктү жана мыйзамдуулукту сактоо боюнча алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү жана күтүлбөгөн тапшырмаларды кынтыксыз аткаруу, жеке тарбиялоо иштерин жүргүзүүдө бардык күч-аракеттерди жана ыкмаларды колдонуу тапшырмаларын койду.

Пикир

Оставить комментарий