• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ИИМдин Тергөө кызматында онлайн форматтагы кеңешме болуп өттү

Коом 0

Бишкек, 24.07.21. /Кабар/. 2021-жылдын 23-июлунда Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматында 2021-жылдын алты айынын жыйынтыгын чыгарган онлайн форматтагы кеңешме болуп өттү. Бул тууралуу КР ИИМдин маалымат кызматы билдирет.

Кеңешмеде үч маселе каралды: -КР ИИМдин Тергөө кызматынын түзүмдөрүнүн 2021-жылдын 6 айында аткарган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы; -КР ИИМдин 2019-жылдын 14-ноябрындагы “ИИМдин карамагындагы кылмыш иштерди инвентаризациялоо” буйругунун так аткарылышы; -Сотко чейинки өндүрүш иштеринин тергөө сапатын жогорулатуу, мыйзамдуулукту сактоо, ошондой эле коомдук нааразычылыкты жараткан иштерге күн сайын мониторинг жүргүзүү.

Онлайн форматындагы кеңешмеге ИИМдин Тергөө кызматынын жетекчилиги, өздүк курамы жана ИИМдин ТИИБнын, Бишкек шаардык жана Чүй облустук ИИББнын, Ош шаардык жана облустук ИИБнын начальниктеринин сотко чейинки өндүрүш иштери боюнча орун басарлары жана тергөө кызматынын бөлүм жана бөлүмчөлөрдүн начальниктери катышты.

ИИМдин Тергөө кызматынын начальнигинин орун басары Нурдин Эшимкан уулу белгилегендей, 2021-жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын Тергөө кызматынын түзүмдөрү тарабынан жарандардын арыз-даттануулары боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганы 43 миң 159. Отчеттук мезгилде 9 миң 468 кылмыш иши соттук кароого жөнөтүлгөн.

Жыйынтыгында алты айдагы ийгиликтер белгиленип, иликтөө ишмердүүлүгүнүн жүрүшүндөгү аймактык бөлүмдөргө кемчиликтерди жоюу багытында көрсөтмөлөр берилип, иштин сапатын жогорулатуу максатында талаптар коюлду.

Пикир

Оставить комментарий