• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ИИМдин Тергөө кызматынын түзүлгөндүгүнө 58 жыл толду

Коом 0

Бишкек, 06.04.21. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын түзүлгөндүгүнө 58 жыл толду, - деп кабарлайт КР ИИМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, тергөөчүлөрдү майрамы менен ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев куттуктады.

“Урматтуу кесиптештер жана ардагерлер! Ички иштер министрлигинин жетекчилигинин жана өздүк курамынын атынан сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм! ИИМдин Тергөө кызматы ички иштер органдарынын алдыңкы кызматтарынын бири болгондуктан, кылмыштардын бетин ачуу жана иликтөө боюнча татаал, жоопкерчиликтүү тапшырмаларды аткарышат. Тергөө түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин кылмыштуулук менен күрөшүү тапшырмаларын чечүүдө саламы зор. Ички иштер органдарынын бардык ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгына чечүүчү ролду ойнойт. Тергөө кызматынын кызматкерлери өздөрүнүн кызматтык милдеттерине жана антына бек турат. Өз күчтөрүн, билимин жана тажрыйбасын алдыларына коюлган тапшырмаларды абийирдүү аткарууга жумшайт. Ишиңиздерге ийгилик каалайм”, - деди Эркебек Аширходжаев.

Салтанаттуу шартта кызматында өзгөчөлөнгөн мыкты кызматкерлерге түзүмдүк сыйлыктар тапшырылды.

Белгилей кетсек, СССРдин Жогорку Кеңешинин Президиумунун жарлыгы менен 1963-жылдын 6-апрель күнү алдын ала тергөө өндүрүшү укугу Коомдук коопсуздук министрлигине, андан кийин аты өзгөргөн СССРдин Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилген.

Жарлыктын күчүнө кириши менен ички иштер органдарынын тергөө аппаратынын расмий ишмердүүлүгүнүн башталышына жол ачкан.

Пикир

Оставить комментарий