• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

“Унаа” мекемесинин Ноокен сектору оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 02.06.22. /Кабар/. ИИМдин “Унаа” мамлекеттик мекемесинин Ноокен сектору демөөрчүлөрдүн колдоосу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Жарандардын убактыларын үнөмдөө, документ иштерин мыйзам чегинде тездетип бүтүрүп берүү жагы колго алынган. Имараттын ичинде келген жарандар үчүн күтүү залы жасалып, жумшак эмеректер коюлган.

Мамлекеттик мекемеге айдоочулук күбөлүк же автоунаанын техникалык паспортторуна байланыштуу келген жарандар бул жайда көптөгөн өзгөрүүлөр боло баштаганын белгилешүүдө. Ошондой эле жарандардын документтери ыкчамдык менен кабыл алынып, тиешелүү кагаздар аз убакыттын ичинде берилип, кезек күтүү дагы жоюлган.

ИИМдин “Унаа” мамлекеттик мекемеси тарабынан 2022-жылдын беш айында 2 миң 970 мамлекеттик номер берилип, 1 миң 591 айдоочулук күбөлүктөр алмаштырылган. Кочкор-Ата шаарында жайгашкан бул жайга Ноокен районунун, Майлуу-Суу жана Таш-Көмүр шаарынын тургундары көп кайрылышат.

Пикир

Оставить комментарий