• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

ИИМдин жетекчилик курамында ротация жүргүзүлдү

Кадр саясаты 0

Бишкек, 15.02.21. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин жетекчилик курамында ротация жүргүзүлдү.

Аталган министрликтен билдиришкендей, Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Улан Аалиев ээлеген ордунан төмөндөтүү менен бошотулуп, Бишкектин Октябрь райондук милициясынын башчысы кызматына дайындалды.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси Канат Жумагазиев Ысык Көл облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси кызматына дайындалды. Ал эми ал кызматтагы Улан Асанбаев ээлеген ордунан төмөндөтүү менен бошотулду.

Талас облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Алмазбек Жумабеков Нарын облустук милициясын жетектемей болду.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Акылбек Мамасеитов Ош шаардык милициясын жетектейт. Ал кызматтагы Мурат Боронов Баткен облустук милициясынын башына келди.

Талас облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин милдетин убактылуу аткаруучу болуп ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын улук ыйгарым укуктуу кызматкери Марлис Асанов дайындалды.

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын башчысы Бакыт Матмусаев Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси кызматына дайындалды.

Бишкектин Октябрь райондук милициясынын башчысы Уланбек Султанов ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси кызматына дайындалды.

Ошондой эле Жалал-Абад облусунун Ала-Бука райондук милициясынын башчысы Замирбек Ормонов ээлеген кызматынан бошотулуп, Токтогул райондук милициясын башкарат. Токтогул райондук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Райымбек Сулайманов Ала-Бука райондук милициясынын башчысы кызматына дайындалды.

Андан сырткары, ИИМдин жетекчилик курамына дайындоолор боюнча өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгы менен Жеңишбек Абитов Ош облустук милициясынын жетекчилик кызматына, Конокбай Осконбаев ИИМдин ички иликтөөлөр кызматынын жетекчилик кызматына, Нурланбек Бурканов Баткен шаардык милиция бөлүмүнүн башчысына, Айылчы Мырзамамытов Жалал-Абад облусунун Аксы райондук милициясынын башына келди.

Пикир

Оставить комментарий