• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

ИИМдин ЖКККББнын кызматкерлери “Абайлагыла балдар!” аталышындагы иш-чараны өткөрүшүүдө

Коом 0

Бишкек, 12.03.18 /Кабар/. Мектеп окуучуларынын жазгы эс алуу күндөрүнүн алдында Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын кызматкерлери 28-февралдан 14-март күнүнө чейин “Абайлагыла балдар!” аталышындагы иш-чара өткөрүшүүдө. Бул тууралуу ИИМдин сайтында маалымдалат.
Жаш өспүрүмдөрдүн катышуусундагы жол кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо максатында Чүй облусунун Аламүдүн районунун жол кыймылын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү 2018-жылдын 9-март күнү район аймагындагы мектептерде жол эрежелерин сактоо боюнча сабактарды өтүштү.
Ошону менен бирге район аймагында авто-жүрүш өткөрүлдү. Жүрүштүн катышуучулары коомдук унаалардын акыркы аялдамаларына токтоп айдоочулар менен дагы түшүндүрүү иш-чарасын өткөрүшүп, коомдук унааларга атайын стикерлерди чапташты.
Эске алсак, жаш өспүрүмдөр жол кырсыктарына дал ушул эс алуу маалдарында улуулардын көзөмөлү аз кезде учурайт. Мунун баары өспүрүмдөр арасында жол эрежелерин билбегендик жана улуу муундун өспүрүмдөргө болгон кайдыгерлигинен келип чыгып жатат. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери өспүрүмдөр алдында улуу муундун жана ата-энелердин жоопкерчилигин көтөрүү жана жаш кезинен тийешелүү иш алып баруу менен жоюга аракеттенүүдө.
Сабак өтүүнүн жана жүрүштүн негизги максаттары жол кырсыктарын алдын алуу, болтурбоо жана ошондой эле, жаш өспүрүмдөргө жолдо жүрүү эрежерин эске салуу жана үйрөтүү.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББы айдоочуларды бала-бакчалардын, мектептердин жандарынан, жөө жүргүнчү өтүүчү жайлардын жанынан, аялдамалардан, өспүрүмдөр ойноп жүргөн короолордон жолдо жүрүү эрежелерин так сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий