• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

ИИМдин жыл жыйынтыгы: беш кызматкер иштен алынды, отуздан ашуун жетекчиге эскертүү берилди

Коом 0

Бишкек, 31.01.20. /Кабар/. Ички иштер органдарынын 2019-жылдын 12 айынын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча отурум өттү. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Коллегияга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев, өкмөттүн аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Азамат Араев, ички иштер министринин орун басарлары, борбордук аппараттын башкы башкармалыктары, облустук, шаардык ички иштер башкы башкармалыктардын жана райондук, шаардык бөлүмдөрдүн жетекчилери катышты.

Жыйындын негизги темасы катары, ички иштер органдарынын өткөн жыл ичиндеги ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарын чыгаруу каралды.

Андан сырткары, тергөө кызматы менен жоруктар жөнүндө иштери боюнча башкармалыгынын ишиндеги маселелер жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү, коомдук тартипти сактоонун абалы жана жарандардын укуктары менен коопсуздугун сактоо багытындагы негизги маселелер талкууга алынды.

Коллегиянын жыйынтыгы менен отуздан ашуун жетекчилерге эскертүүлөр жана тартип жазалары берилип, биринчи чейректин жыйынтыгы менен алардын ишмердүүлүгү карала тургандыгы баса белгиленди.

Ошондой эле коллегиянын чечими менен коомдук тартипти сактоодо жана кылмыштуулукка каршы күрөшүүдөгү негизги багыттарда кемчиликтерди кетиргендиктери үчүн, берилген тапшырмаларды жогорку деңгээлде аткарбагандыгы, алдын алуу иштерин уюштура албагандыктары үчүн:

  • ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын 2-башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги М. Бопушев,
  • Түп РИИБнын башчысы, милициянын полковниги Д.Исаков
  • Жети-Өгүз РИИБнын башчысы, милициянын полковниги Т.Исаев
  • Чүй РИИББнын башчысы, милициянын подполковниги Ч.Шаршеналиев
  • ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшү кызматынын Талас облусту боюнча бөлүмүнүн башчысы, милициянын подполковниги У.Самудинов ээлеген кызмат ордуларынан бошотулду.

Пикир

Оставить комментарий