• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ИИМге жыл башынан бери 4,3 миң арыз жана кайрылуу келип түшкөн

Коом 0

Бишкек, 28.12.21. /Кабар/. 2021-жылдын 11 ай аралыгында Ички иштер министрлигине 4 миң 310 арыз жана кайрылуу келип түшкөн. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

- Президенттин аппараттынан - 527 (көзөмөлгө алынганы -257),

- Министрлер кабинетинен – 197 ( көзөмөлгө алынганы -197);

- Коопсуздук кеңешинин катчылыгынан - 89 (көзөмөлгө алынганы – 89);

- Жогорку Кеңештен – 57, (көзөмөлгө алынганы – 57);

- Акыйкатчыдан – 64 (көзөмөлгө алынганы –63);

- Башкы прокуратурадан – 142, (анын ичинен көзөмөлгө алынганы –126);

- жарандарды кабыл алуудан – 740 (көзөмөлгө алынганы – 728);

- электрондук кайрылуулар – 741 (көзөмөлгө алынганы –738);

- ишеним телефону аркылуу – 9, жана башка кайрылуулар – 1744 (анын ичинен 181 көзөмөлгө алынганы).

Көзөмөлгө алынган арыз жана кайрылуулардын жалпы саны 2 715 түзгөн.

Ар бир жаран министрликке тиешелүү болгон өз көйгөйлөрү боюнча өздөрүнө ылайык жолдор аркылуу арыз менен төмөнкү даректерге кайрылышса болот: Бишкек шаары Фрунзе көчөсү 469, secretariat@mvd.kg электрондук дарегине кат түрүндө жиберүү мүмкүнчүлүлүгү каралган, + (996 312) 26 60 27 “ишеним телефону” жана “коомдук кабылдама” +(996 312) 26 60 64.

Жогоруда көрсөтүлгөндөн тышкары “Коомдук кабылдама” аркылуу жарандарды бекитилген графикке ылайык иш күндөрү эртен мененки саат 9.00-17.00 чейин
жетекчилик тараптан жеке кабыл алуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн.

Жыл башынан тартып ички иштер министри Улан Ниязбеков 121 жаранды жеке өзү кабыл алган.

Пикир

Оставить комментарий