• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ИИР дүйнөдөгү эң мыкты спутниктүү мүмкүнчүлүктөрү бар төрт өлкөнүн катарына кирди

Дүйнө 0

Бишкек, 15.09.17. /Кабар/. ИИР армиясынын башкы командиринин кеңешчиси Иран спутник технологиясын жагынан дүйнөнүн алдыңкы төрт өлкөсүнүн катарына киргенин билдирген. Бул тууралуу CA-IR NEWS сайты жазат.

Рarstoday: Бригадалык генерал Хасан Нами мындай деп кошумчалаган: Иран ракета учуруучу космодром, ракета жүктөөчү, аңдуу жана көзмөлгө алуучу спутниктер жана борборлор жаатында өз мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтө алды. Анын айтымында, Ирандын илимий кудурети нанотехнология, молекулярдык изилдөө, космикалык технологияларды жана медициналык жабдыктарды жасап чыгаруу, ошондой эле адамдардын жасалма органдарын чыгаруу чөйрөсүндө да белгилүү.

Ал ошондой эле Ирандын ракеталык технология жаатындагы өнүгүүсүнө ишаара кылып: “ИИР бүгүнкү күнү дүйнөлүк сахнадагы негизги оюнчулардын бирине айланды,-деп баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий