• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ийри-Суудагы жер көчкү 250 үй-бүлөгө баруучу жолду жаап калды (фото)

Аймак 0

Бишкек, 10-апрель /Кабар/. Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Ийри-Суу айыл аймагында 2017-жылдын 8-апрелинде саат 05:00 чамасында Жаңгакты айылынын Токто участкасында колоттон көлөмү 22400м3 жер көчкү түшкөн. 2017-жылдын 9-апрель күнү эрте менен кайрадан экинчи ирет ошол эле жерден узуну 800 метр, туурасы 50-100 метр, бийиктиги 10-12 метр, болжолдуу көлөмү 650 000м³ жер көчкү түшүп, 250 үй-бүлөгө баруучу ички чарбалык жолду жаап калган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Жер көчкү жүргөн аймакка КР ӨКМнын Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, КР ӨКМнын Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин адиси жана райондук Жарандык коргонуу комиссиясы барып, абал менен таанышкан.

Айылдагы 250 турак үйдө жашаган элге убактылуу айланма жол салуу үчүн КР ӨКМ Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү түштүк борборунан 1 бульдозер тартылган.

2017-жылдын 10-апрель күнү тазалоо иштери башталат.

Пикир

Оставить комментарий