• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Июль айы үчүн медиктерге 234 млн сомго кенемте төлөнүп берилет – премьер

Өкмөт 0

Бишкек, 28.07.20. /Кабар/. Июль айы үчүн медиктерге 234 млн сомго кенемте төлөнүп берилет. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов брифингде билдирди.

Анын айтымында, медкызматкерлерге кенемтенин суммасы көтөрүлгөнүнө байланыштуу июль айында медиктер эки эсе көп каражат алышат. Июнь айында медициналык кызматкерлерге төлөнүүчү төлөмдүн суммасы 109 миллион сомду түзгөн.

“Айлык акысынан тышкары медицина кызматкерлерине төлөнүүчү кенемтеге жалпысынан 477,4 млн сом жумшалды. Алар Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан 51,8 млн сом, ММК фондунан 425,6 млн сом төлөнүп берилген”, - деди Боронов.

Пикир

Оставить комментарий