• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Июль айында Бишкектин санитардык-экологиялык инспекциясы 395 миң сомго айыппул жазган

Коом 0

Бишкек, 06.08.20 /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясынын санитардык-экологиялык инспекциясы июль айында Бузуулар тууралуу кодекстин 293-беренеси боюнча 395 миң сомго айыппул жазган. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

Мэриядан белгилешкендей, эреже бузгандар негизинен кафе жана тез татым жайлары болууда. Ошондой эле жашыруун иштеген компьютердик клубдар да бар.

Убактылуу иш тартиби киргизилгенден бери шаарда санитардык-экологиялык инспекциясы тарабынан 1 млн 287 миң сомго 289 проктокол түзүлгөн.

Санитардык-экологиялык инспекциясынын байланыш номери: 0 705 564 756.

Биринчи май району: 0555 404 818;

Свердлов району: 0551 551 745;

Октябрь району: 0 500 210 470;

Ленин району: 0500 085 580.

Пикир

Оставить комментарий