• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Июль айында өткөн жылга салыштырмалуу COVID-19 оорусу көп катталды — Нурматов

COVID - 19 0

Бишкек, 28.07.21. /Кабар/. 2021-жылдын июль айында өткөн жылга салыштырмалуу COVID-19 оорусу көп катталды. Бул тууралуу Республикалык вирус инфекцияларына каршы күрөшүү боюнча илимий-практикалык борборунун башчысы Зуридин Нурматов брифинг учурунда билдирди.

Нурматов белгилегендей, Кыргызстандагы көрсөткүчтөр көптөгөн башка өлкөлөргө караганда бир топ жакшы.

“Мисалы, оорулардын катталган саны боюнча биздин өлкө 88-орунда турат. 100 миң калкка оорунун көрсөткүчтөрү боюнча Кыргызстан 113-орунда турат. Ошол эле учурда, каржылоодо көйгөйү жок өлкөлөрдүн көрсөткүчтөрү жогору турат. Бул маселе каржылоо маселесинде эмес экендигин далилдейт. Ошондой эле калктын жалпы санына карата өлүм көрсөткүчү боюнча 107-орун, ал эми ооругандардын арасында өлүм көрсөткүчү боюнча 118-орунда”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий