• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Июнь окуясына 11 жыл: Садыр Жапаров кайрылуу жасады

Президент 0

Бишкек, 10.06.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Июнь окуясынын 11 жылдыгына карата кайрылуу жасады, - деп билдирет президенттин басма сөз кызматы.

Төмөндө мамлекет башчысынын кайрылуусу:

«Урматтуу кыргызстандыктар!

2010-жылдын июнь айында болгон каргашалуу окуяларга он бир жыл толду. Бүгүн биз ошол апаатта набыт болгондордун арбагына таазим этип, дайынсыз жоголгондорду эскерип отурабыз. Андай апаат, бир туугандар элдерди кырды бычак түшүргөн андай каргаша экинчи кайталанбасын деп тилек кылабыз. Жалпыны сабырдуулукка үндөгөн, жабыр тарткандарга кол сунуп, жардам берген акылман жана айкөл элибизге өзгөчө алкыш айткым келет. Бизге ар тараптан колдоо көрсөткөн эл аралык коомчулукка дагы бир жолу ыраазычылык билдирем.

Июнь окуялары баарыбыз үчүн чоң сабак болууга тийиш. Тарыхтын бул кайгылуу сыноосу бабалардан мураска калган сүйүктүү Кыргызстаныбыздын келечеги үчүн ынтымагыбызды арттырып, биримдигибизди бекемдөө зарыл экенин дагы бир жолу ырастады.

»Ынтымагы бар элдин ырыскысы мол болот« деп бекеринен айтылбаса керек. Бүгүн биз биримдикти чыңдоо менен, бир эл, бир өлкө катары келечекке багыт алуубуз зарыл. Бири-бирибизге болгон сый-урмат, жардам, ишеним аркылуу биз чон-чоң ийгиликтерди жаратып жатабыз. Биздин күч— биримдикте!

Ош, Жалал-Абад — көп этностуу облустар. Көп түрдүүлүк — бул биздин байлыгыбыз. Бүгүнкү күндө өлкөбүздө 80ден ашык этностордун өкүлдөрү бар. Ар бир этностук топ өзүнүн маданиятын, тилин, каада-салттарын сактоо менен мекенибиз Кыргызстандын өсүп-өнүгүшүнө өз салымын кошуп келе жатышат.

Урматтуу мекендештер!

Биз — ынтымактуу, эмгекчил жана меймандос калкы бар ачык өлкөбүз. Биздин өнүгүүбүз региондогу коңшулар менен достукка, дүйнөнүн бардык өлкөлөрү менен өз ара пайдалуу кызматташтыкка багытталган.

Июнь окуясында шейит кеткендердин элеси дайыма жүрѳгүбүздѳ сакталат. Жаткан жерлери жайлуу, топурактары торко болсун.

Ылайым, көп улуттуу өлкөбүздө ынтымак, тынчтык болсун!».

Пикир

Оставить комментарий