• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Июнда коронавирус маселелери боюнча жарандардын кайрылуусу кескин өстү - Исмаилова

COVID - 19 0

Бишкек, 22.06.20. /Кабар/. Июнь айында коронавирус маселелери боюнча жарандардын кайрылуусу кескин өстү. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында Бишкек мэриясынын Саламаттык сактоо шаардык башкармалыгынын башчысы Бактыгүл Исмаилова билдирди.

Анын айтымында, буга байланыштуу Республикалык штабдын жана Саламаттык сактоо министрлигинин чечими менен мобилдик бригадалар күнү-түнү иштөө тартибине өттү.

“Бүгүнкү күндө 118 ыкчам номери боюнча 14 линия 24 саат бою иштеп кеңеш берүүдө. Мындан сырткары, үй-бүлөлүк медицина борборлорунда ишеним телефондору иштөөдө. Жарандар жашаган жери боюнча ҮМБ кайрылып, кеңеш ала алышат”, - деди Исмаилова.

Ал кошумчалагандай, колл-борборго кайрылгандардын 50 пайызы медициналык мүнөздө эмес, кеңеш алуу максатында кайрылгандар, бир телефон чалууга кеңеш берүү 15-20 мүнөткө чейин созулат.

Пикир

Оставить комментарий