• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Июнда "Түндүк электр" бөлүштүрүүчү компаниясы 443,2 млн сом чогултту

Экономика 0

Бишкек, 12.07.19. /Кабар/. Июнь айында “Түндүк электр” бөлүштүрүү тармактарына 335,7 млн. кВт.саат электр энергиясы келип түштү, бул 2018- жылдын ушул эле айына салыштырмалуу 7,9 млн. кВт.саатка көп.

“Түндүк электр” бөлүштүрүүчү компаниянын өткөн айга болгон товардык продукциясы 416,9 млн. сомду түзгөн, аны менен бирге 443,2 млн. сом (106,3 %) чогултулган.

Июнь айында көргөзүлгөн сумманын эсебинен төлөм чогултуу

калк арасында – 119,5 %,

бюджеттик уюмдардан – 121,5 %,

айыл чарба объектилеринен – 101,8 %

өндүрүштүк объектилерден – 96,9 %,

жана башка керектөөчүлөрдөн – 95,6 % аткарылды.

Бөлүштүрүү компания тейлеген аймактардан төлөм чогултуу төмөндөгүдөй:

Бишкекте төлөм чогултуу – 102,6 %,

Чүй облусунда – 109,1 %,

Талас облусунда – 121,8 % түздү.

Пикир

Оставить комментарий