• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Июндун аягына чейин күйүүчү-майлоочу майдын кымбатташы күтүлүүдө

Экономика 0

Бишкек, 24.06.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын июнь айынын аягына чейин күйүүчү-майлоочу майдын баасы дагы 2%га чейин көтөрүлүшү күтүлүүдө. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында Нефтетрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Канат Эшатов билдирди.

Анын айтымында, июндун орто ченинде Россиядагы мунай иштетүүчү заводдор күйүүчү майдын дүң баасын жогорулатты.

“Түрлөрүнө жараша 1,5 – 2 сомго чейин көтөрүлүшү мүмкүн. Июлдун башында заводдор бааларын дагы көтөрөт. Ага жараша кошумча маалымат берилет”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий