• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Икрамов: Аскер адамдарынын өз жанын кыюусуна негизинен эмнелер себеп болууда?

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 02.04.18 /Кабар/. Аскер адамдарынын өз жанын кыюусуна негизинен эмнелер себеп болууда, аларды өлүмгө эмнелер түртөт? Депутат Тазабек Икрамов Жогорку Кеӊештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо комитетинде аскер адамдарынын өмүрүн камсыздандыруу маселеси каралып жатканда ушундай собол салды. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

Азыркы учурда өз жанын кыйгандардын саны азайып баратканын белгилеген коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Нурсеит Кедеев мыйзамга сунушталган жаӊы ченемдер бюджеттен кошумча чыгымдарга кириптер кылбай турганын айтты. «Анткени, аскер адамдарын камсыздандырууга биздин бюджеттин 3 пайыз каралган же ал 26-27 млн сомду түзөт. Мындайча айтканда, бир адамга 1 млн 40 миӊ сом бөлүнөт», - деди ал.

Ал аскер адамдарын өлүмгө түрткөн себептер көп экенин билдирди. «Ар кандай кыйчалыш абал болот, үйүнөн алыс кызмат өтөгөн жигиттер туруштук бербей калган кездер болот. «Дедовщинаны» жойдук десек болот, бирок офицерлер ыдык көрсөтөт деген маалыматтар бар, анын да аягына чыгабыз. Жакында казармаларга видеобайкоо камераларын орното баштайбыз», - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий