• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Икрамов: Кыргызстандын парламентинде Кайсар Абылкасымовдун маселесин кароо — Жогорку Кеңештин деңгээли эмес

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 17.10.17 /Кабар/. «Кыргызстандын парламентинде Кайсар Абылкасымовдун маселесин кароо — Жогорку Кеңештин деңгээли эмес»,- бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Тазабек Икрамов, Премьер-министр Сапар Исаковдун Казакстан Республикасынын жараны Кайсар Абылкасымов тууралуу маалымат айткандыгы тууралуу маселеге комментарий берген учурда маалымдады. Бул маалыматты өкмөттүн маалымат бөлүмү жайылтты.

Эл өкүлү билдиргендей, Кайсар Абылкасымов Кыргызстандын жарана болбогон соң, ал тууралуу Жогорку Кеңеште талкуулоо уят көрүнүш.

«Мындан сырткары мага белгилүү болгон маалыматтарга караганда ал Казакстанда кандайдыр бир жогорку кызматта иштебейт, болгону бизнесмен. Бизде парламенттик фракциянын жыйынында кандайдыр бир чет элдик бизнесмен тууралуу талкуулоо уят болот. Бул биздин деңгээлибиз эмес. Анын үстүнө Сапар Исаков Кайсар Абылкасымов Өмүрбек Бабановдун адамы деп айткан эмес. Премьер-министр өзүнүн сөзүндө кайсы бир кандидаттын аты-жөнү боюнча такыр эч нерсе айткан эмес», — деди Тазабек Икрамов.

Ал депуттардын азыркы тапта талкуулай турган маанилүү маселелери көп экенин, биринчи кезекте кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы көйгөйдү талкуулоо зарыл экенин дагы бир жолу баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий