• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Икрамжан Илмияновдун камактагы мөөнөтү дагы 2 айга узартылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.11.18. /Кабар/. Бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук сотунда жыйындын жүрүшүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин экс-кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун УКМКнын СИЗОдагы мөөнөтүн узартуу боюнча маселе каралды.

Соттун чечимине ылайык, анын камактагы мөөнөтү үстүбүздөгү жылдын 28-январына чейин узартылды.

Эске салсак, буга чейин Биринчи Май райондук сотунда отурум өтүп, анын жүрүшүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин экс-кеңешчиси, күнөөлөнүп жаткан Икрамжан Илмияновго УКМКнын СИЗОсуна камакка алуу баш коргоо чарасы көрүлгөн.

2018-жылдын июнь айында КРдан чыгып кеткен Илмияновго издөө жарыяланып, кийин ал Россиянын аймагынан кармалган. Андан соң Бишкекке жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий