• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Икрамжан Илмияновго издөө жарыяланды - УКМК

Укук тартиби 0

Бишкек, 19.10.18. /Кабар/. Икрамжан Илмияновго издөө жарыяланды. Аны Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагы күтүүдө. Бул маалыматты “Кабар” агенттигине Жогорку соттун басма сөз кызматынан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, күн мурун Бишкектин Биринчи май райондук сотунда жыйын болуп, анда сот экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун баш коргоо чарасын карап, УКМКнын тергөө абагына киргизүү чечимин чыгарган.

УКМКдан билдиришкендей, азыркы тапта Икрамжан Илмияновго чындыгында эле издөө жарыяланган.

“2018-жылдын июнунда ал Кыргызстандан чыгып кеткен, азыркы күнгө чейин анын кайда жүргөндүгү белгисиз. КР УКМК тарабынан керектүү болгон ыкчам-издөө иштери жүргүзүлүүдө”, - деп билдиришти ведомстводон.

Коопсуздук комитети мурдагы кеңешчиге кайсы берене боюнча кылмыш иши козголгондугун айтуудан баш тартты.

Пикир

Оставить комментарий