• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ИКУнун Башкы катчысы Кыргызстанды шайлоо жана референдумдун ийгиликтүү өтүүсү менен куттуктады

Саясат 0

Бишкек, 13.01.21. /Кабар/. Ислам кызматташтык уюмунун Башкы катчысы Юсуф бин Ахмад аль-Усаймин Кыргызстан элин президенттик шайлоо менен башкаруунун формасын тандоо боюнча референдумдун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады. Бул тууралуу Садыр Жапаровдун шайлоо штабынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

“ИКУ миссиясы Бишкек шаарындагы жана анын айланасындагы шайлоолорго байкоо салды. Шайлоо процесси улуттук мыйзамдарга жана эл аралык стандарттарга ылайык, тынч, ачык-айкын өткөндүгүн канааттануу менен белгилейт. Мен Кыргызстан элинин шайлоо процессиндеги терең ой жүгүртүүсүн, жоопкерчиликтүү мамилесин жогору баалайм”, - деп айтылат Юсуф бин Ахмад аль-Усайминдин куттуктоосунда.

Пикир

Оставить комментарий