• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ильхам Алиев өзүнүн жубайын республиканын биринчи вице-президенти кылып дайындады

Дүйнө 0

Бишкек, 21-февраль /Кабар/. Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев өлкөнүн биринчи айымы Мехрибан Алиеваны республиканын биринчи вице-президенти кылып дайындады. Бул тууралуу шейшембиде мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Азербайжандын конституциясына ылайык, эгер мамлекет башчысы өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарууга жөндөмсүз болсо, анда биринчи вице-президент мамлекет башчысынын ыйгарым укуктарын өзүнө алат.

“Азербайжандын Президенти Илхам Алиев шейшембиде өлкөнүн биринчи айымы Мехрибан Ариф гызын өлкөнүн биринчи вице-президенти кылып дайындоо тууралуу буйрукка кол койду”,-деп билдирген басма сөз кызматы.

Азербайжандын жарандары өткөн жылы 26-сентябрда конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдумга добуш беришкен. Башмыйзамга киргизилген толуктоолордо президенттин ыйгарым укуктуу мөөнөтүн 5 жылдан 7 жылга узартуу, вице-президент кызматын киргизүү, андан тышкары мамлекет башчысы кызматына жана депутаттыкка талапкерлер үчүн жаш-курактык чектөөнү алуу каралган. Референдум өттү деп таанылган, анткени ага шайлоочулардын 25%дан ашыгы катышкан. Еxit pollдун маалыматы боюнча, Азербайжандын конституциясына сунушталган бардык өзгөртүүлөрдү шайлоочулардын 88,5%ы колдогон.

Булак: Риа Новости

Пикир

Оставить комментарий