• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Үйлөнүү тойго бараткан унаа кырсыкка учурап, 26 адам каза болду

Дүйнө 0

Бишкек, 06.03.18. /Кабар/. Индиянын Гуджарат штатында үйлөнүү тоюна бара жаткан оор жүк ташуучу унаа көпүрөдөн чыгып кетип, оодарылып 26 адам каза болгон. Маалыматка ылайык, унаанын ичинде коноктор болгон,-деп маалымдайт Zee News телеканалы.

Кырсык өлкөнүн батышындагы Ратжкот жана Бхавнагар шаарларын бириктирип турган жолдо катталган.

Алдын ала маалыматка ылайык, унаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, көпүрөдөн чыгып кеткен,-деп билдирет РИА Новости.

ANI агенттигинин маалыматы боюнча, кырсыктын натыйжасында 12 адам жаракат алган, алардын бардыгы ооруканада. Айрым маалыматтарга ылайык, бардыгы болуп унаанын ичинде 60 адам болгон.

Индиянын премьер-министри Нарендра Моди каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, жабыркагандардын тез сакайып кетишин каалады.

Пикир

Оставить комментарий