• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Үйлөрдүн чатыры учуп, бак-дарактар кулады. Жалал-Абадда катуу шамал болду

Аймак 0

Бишкек, 29.05.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунда катуу шамал катталды.

КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүн, 29-майда болжол менен саат 19:00дө катуу шамал болгон, учурда ылдамдыгы такталууда.

"Шамал Ала-Бука айыл аймагынын Жаңы-Шаар айылында 1 турак үйдүн 7 даана шиферин, 1 сарайдын 15 даана шиферин учуруп кеткен жана 5-6 даракты кулаткан. Жерине Ала-Бука райондук ӨКБдан 2 кызматкер жана камсыздандыруу ишканасынан 1 адис тартылган", - деп айтылат маалыматта.

ӨКМден кошумча маалымат бериле тургандыгын билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий