• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

"Илбирс" командасы Кыргызстандын жаш футболчулары арасында жеңүүчү аталды

Спорт 0

Бишкек, 16.10.19. /Кабар/. Бишкекте өспүрүмдөр арасында (15 жашка чейин) Кыргызстандын футбол биринчилигинин финалдык оюндары болуп өттү. Бул тууралуу Футбол федерациясынын маалымат кызматы билдирди.

Мелдештин финалдык оюндары 13-15-октябрь күндөрү өтүп, ага "Илбирс", "Дордой", "Токтогул" жана А. Момунов атындагы Футбол академиясынын оюнчулары катышты.

Беттештин жеңүүчүсү болуп Бишкектик "Илбирс" командасы аталды. Экинчи орунга А. Момунов атындагы Футбол академиясы, үчүнчү сапка "Дордой" клубу жайгашты.

Эскерте кетсек, буга чейин 14 жана 17 жашка чейинкилер арасында мелдеш болуп өткөн. Экөөндө тең "Дордой" командасы жеңүүчү аталган.

Пикир

Оставить комментарий