• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

"Илбирс" командасынын жаш футболчулары Кыргызстандын кубогуна ээ болушту

Спорт 0

Бишкек, 04.10.19. /Кабар/. Бишкекте футбол боюнча өспүрүмдөр арасында (15 жашка чейин) Кыргызстандын кубогунун финалдык оюндары болуп өттү. Бул тууралуу Футбол федерациясынан кабарлашты.

Турнирге "Илбирс" (Бишкек), Футбол академиясы (Ош), "Мөл Булак – Алдиер" (Куршаб айылы), Балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин (Чүй облусу) командалары катышты.

Мелдеште 2 жеңиш жана бир тең чыгуу менен "Илбирс" командасы биринчи орунду алды. Экинчи орунга Футбол академиясы татыды. Ал эми, коло байгени Балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин футболчулары алышты.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын кубогу үчүн мелдешке U-13, U-14, U-15 жана U-17 жаш курактагы футболчулар катышууда.

Пикир

Оставить комментарий