• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Илдет 426 адамдан табылып, эки бейтап көз жумду. COVID-19 боюнча акыркы маалыматтар

COVID - 19 0

Бишкек, 24.01.22. /Кабар/. Кыргызстанда 24-январга карата коронавирус 426 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 314, Ош шаарында – 10, Чүй облусунда – 44, Талас облусунда – 4, Нарын облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 10, Жалал-Абад облусунда – 18, Баткен облусунда – 22 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 589 адам илдеттен сакайып чыкты, эки бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1 176 бейтап, амбулатордук түрдө 6 миң 780 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 195 миң 820 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 183 миң 517 киши айыгып чыкса, 2 миң 851 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий