• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Илдет 63 адамдан жаңы аныкталса, эки бейтап көз жумду – акыркы маалыматтар

COVID - 19 0

Бишкек, 13.10.21. /Кабар/. Кыргызстанда 13-октябрга карата коронавирус дагы 63 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 35, Чүй облусунда – 16, Ош облусунда – 1, Талас облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 8, Жалал-Абад облусунда – 2 адамдан илдет жаңы табылган.

Ал эми бир суткада 122 адам илдеттен сакайып чыгып, эки бейтап кайтыш болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 430 бейтап, амбулатордук түрдө 623 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 179 миң 492 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 174 миң 320 киши айыгып чыкса, 2 миң 624 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий