• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Илдетке кабылган жарандын дене табы көтөрүлбөй жана жөтөлбөшү мүмкүн –пульмонолог пневмониянын чыгышын COVID-19 менен байланыштырды

Ден соолук 0

Бишкек, 02.07.20. /Кабар/. Кыргызстанда 2-июлга карата ооруканаларда 1 миң 247 киши пневмониядан (коронавируска тапшырган анализдери таза чыккан) дарыланууда. Пневмониядан 97 жаран каза болду. Реанимацияда 112 бейтап, оор абалда 337 адам болууда. Бардыгы болуп 1971 адам ооруп жатат, алардын ичинен айыккандар – 627 адам.

“Кабар” маалымат агенттигине өлкөнүн башкы пульмонологу Талант Сооронбаев билдиргендей, пневмониядан ооруп жаткан учурлардын баары коронавирус жуктурган жарандар.

“Жарандардын анализдеринин жыйынтыктары жалган түрдө терс көрсөтүүдө. Коронавирус инфекциясы адамдын дем алуусу аркылуу өпкөгө өтүп, ал жерде кан тамырга таасир этиши ыктымал. Өлкөнүн тарыхында биринчи жолу ооруканадан сырткары пневмония жуктуруп алгандар катталып жатат, муну атипичтик пневмония деп айтууга болот”, - дейт ал.

- Эмне үчүн жаш, дени сак адамдар оорудан каза болууда?

- Мунун бир нече себеби бар. Азыр атипичтик пневмонияны кеч байкап жатат, ал олуттуу кесепеттерге алып келүүдө. Ошондой эле жарандар үйүндө өзүн-өзү дарылап жаткандыктан ден соолугу начарлап, микротромбоздун өнүгүшүнө алып келиши мүмкүн. Атипичтик пневмонияны дарыгер компьютердик томографиянын жардамы менен гана аныктай алат. Бул ооруну мүмкүн болушунча эртерээк аныктоо керек жана бейтапты антибиотиктер менен эмес, антикоагулянттар менен дарылоо керек.

-Атипичтик пневмония менен ооругандардын анализдери эмне себептен коронавирусту көрсөтпөй жатат?

- Балким, вирус мутацияга кабылып, бир канча түрлөргө бөлүнүп кеткендир. Бул тууралуу көптөгөн дүйнөлүк илимпоздор жазып жатышат.

- Эмне үчүн азыркы учурда пневмониядан каза болгондордун саны өсүүдө?

- Өлүмдүн мындай жогорку деңгээли алсыраган иммундук система менен байланыштуу болушу мүмкүн. Атипичтик пневмониядан каза болгондор Америка, Европа жана Казакстанда да байкалууда. Эмне үчүн ал коркунучтуу? Бул оору байкатпай өрчүйт. Адамдын дене табы көтөрүлбөй жана жөтөлбөшү мүмкүн.

- Жарандар бул оорудан кантип сактанышы керек?

- Бул оорудан толугу менен өзүн-өзү обочолонтуудан гана арылууга болот. Үйдөн чыкпаңыз, кол гигиенасын сактаңыз. Балким, өзүн-өзү обочолонтуу кырдаалды көзөмөлгө алууга мүмкүндүк берет. Бул оору өтө жугуштуу. Азыр көпчүлүгү жөнөкөй гана сасык тумоо жүрүүдө деп айтууда. Бизде качан жай мезгилинде сасык тумоо эпидемиясы болду эле? Эч качан! Калктын дүрбөлөңгө түшүп калбашы өтө маанилүү. Эгерде сизде COVID-19 белгилери байкалса, дароо үй-бүлөлүк медицина борборуна кайрылыңыздар, алар сизге кеңеш берет. Эгерде сиздин дене табыңыз көтөрүлсө коомдук жайларга барбаңыз.

Пикир

Оставить комментарий