• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Иликтөө: Борбор Азияда Казакстан өз жанын кыюу боюнча биринчи орунда турат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 17.07.19. /Кабар/. Жыл сайын дүйнө жүзү боюнча 1,5 миллион киши өзүнө кол салып, өмүр менен кош айтышат. Суициддин 76% калкынын кирешеси төмөн жана орто өлкөлөргө туура келет. Алардын ичинен 60% Азия мамлекеттеринде болот.

Бул тууралуу АКШдагы Хьюстон-Даунтаун университетинин окутуучусу Шахназ Савани “Борбор Азиядагы өзүн-өзү өлтүрүү” лекциясы учурунда билдирди.

Иликтөө 30 жылдык байкоолорго негизделген.

Борбор Азия боюнча Казакстанда өзүн-өзү өлтүрүү учурлары эң көп катталган – 48,1%. Экинчи орунда Түркмөнстан 15,8%, андан кийин Өзбекстан 13,6% жана Кыргызстан 13,4% турат. Тажикстанда бул көрсөткүч башкаларга караганда төмөнүрөөк – 7,2%.

Шахназ Саванинин пикиринде, аймакта калктын көбү ислам динин тутканына карабастан, өз жанын кыюу көрсөткүчү төмөндөгөн эмес.

Пикир

Оставить комментарий