• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Иликтөө: коронавирус организмдеги А витамининин деңгээлин кескин төмөндөтөт

Дүйнө 0

Бишкек, 03.02.21. /Кабар/. Түркиянын медиктери коронавирусту жуктуруу малекулалары вируска каршы белокторду синтездөөчү - интерферондор үчүн өтө маанилүү болгон организмдеги А витаминин бир кыйла түшүрүп жиберерин анышташты. Алардын байкоолорунун жыйынтыгы электрондук medRxiv китепканасынын макаласында жарыяланган.

“Биздин байкоо ретинолдун (А витамининин биожеткиликтүү формасы) концентрациясы COVID-19дун оор түрү менен ооругандарда өтө эле төмөн болгонун көрсөттү, ал биринчи типтеги интерферондорду өндүрүүгө терс таасир тийгизет. Бул А витамининин көп дозасын, андан тышкары, коронавирус менен күрөшүү үчүн ретинолдун бөлүнүшүнө тоскоолдук кылган дары-дармектерди колдонуунун мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтөт”, - дешет изилдөөчүлөр.

ТАСС Уханда коронавирус күчөгөндөн бери медиктер жана биологдор COVID-19дун оор түрүнүн өнүгүүсүнө таасир эткен кошумча факторлорду жана өзгөчөлүктөрдү билүүгө аракет кылып келишет. Атап айтканда, биологдор SARS-CoV-2 жүрөк жана кан тамыр ооруларынын 5 эсе көбөйүү ыктымалдыгын дароо эле аныкташкан.

Кийинки байкоолор D витамининин концентрациясы жана иммундук клеткалардагы белгилүү ферменттердин активдүүлүгү дагы таасир этерин көрсөттү.

Анкарадагы Түркиянын медицина университетинин профессору Озгюр Асландын жетекчилиги астында түрк окумуштууларынын тобу COVID-19дун оор түрү менен байланышкан организмдин иштөөсүндөгү бузулуулар А витамининин өнөкөт жетишсиздигинин натыйжасына окшош болорун аныкташкан.

Пикир

Оставить комментарий