• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Илим – адамдын жашоосундагы эң маанилүү нерсе - Султанбекова

Өкмөт 0

Бишкек, 30-июнь /Кабар/. «Илимди өнүктүрүү жана интелектуалдык резервди бекемдөө– өлкөнүн социалдык-экономикалык жана маданий өнүгүүсүндөгү негизги фактор», – бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова бүгүн, 30-июнда, Жогорку аттестациялык комиссиянын 25 жылдыгына арналган салтанаттуу иш чарада билдирди.

Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Жогорку аттестациялык комиссиянын бардык кызматкерлерин куттуктап, Жогорку аттестациялык комиссия бүгүнкү күнгө чейин өз милдеттерин жогору профессионалдык деңгээлде аткарып келе жатканын айтып өттү.

«Жогорку аттестациялык комиссия, жогорку окуу жайлары, илим-изилдөө институттары, диссертациялык кеңештер, илимий жана кесиптик жамааттар – өлкөбүздүн экономика, энергетика, айыл чарбасы, өнөр жайы, билим берүү, маданият жана медицина тармактарын терең талдоолорго алып, мамлекетибиздин өсүп-өнүгүшү үчүн конкреттүү артыкчылыктуу багыттарды сунуш кылууга милдеттүү. Жогорку аттестациялык комиссия окумуштууларды, айрыкча жаш илимпоздорду колдоону уланта берүүгө тийиш. Анткени илимди өнүктүрүү жана өлкөнүн интеллектуалдык резервин бекемдөө – мамлекеттин туруктуу социалдык-экономикалык жана маданий өнүгүшүн камсыз кылган маанилүү факторлордун бири», – деди Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова.

Ошондой эле Чолпон Султанбекова республиканын ЕАЭБ киргендигине байланыштуу өнүккөн мамлекеттердин тажрыйбасын, дүйнөдөгү түзүлгөн тенденцияны эске алуу менен ата мекендик илимий-изилдөө иштеринин сапатын жогорулатуу, кадрларды аттестациялоо системасын жакшыртуу, мамлекеттик аттестация чөйрөсүндөгү мыйзамдарга түзөтүүлөрдү киргизүү зарылдыгын билдирди.

«Биз укмуштуудай кыялдардан реалдуу чындыкка чейинки аралыкты көз ачып жумганча кыскарткан доордо жашап жатабыз. Мындай доордо илимдин орду табылгыс. Анткени илим – адамдын жашоосундагы эң маанилүү, эң сонун жана эң керектүү нерсе, аны менен адам табиятты да, өзүн да жеңип келген», – деп, жыйынтыктады вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова.

Пикир

Оставить комментарий