• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Илим Карыпбековдун абалы жакшыра баштады – ССМ

Коом 0

Бишкек, 2-март /Кабар/. КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков эсине келип, абалы жакшыра баштады. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Эскерте кетсек, 1-мартта түнкү саат 3 төр чамасында И.Карыпбеков жол кырсыгына кабылган. Ал тосмону, андан кийин түркүктү барып сүзгөн. Ар кандай жаракат менен 4-шаардык ооруканага жеткирилип, медиктер анын абалын оор деп баалашкан. Анын ич көңдөйүнө операция жасалган.

Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун директору Сабырбек Жумабековдун айтымында, Илим Карыпбековдун абалы жакшырып бара жатат, ал эсине келип, сүйлөшүүдө. Врачтар ага ашыкча суроо бербей, тынчтыгын сактап жатышат. Палатага жакын туугандары гана киргизилүүдө, башкаларга, анын ичинде журналисттерге дагы кирүүгө уруксат жок.

“Бүгүнкү күндө бейтапка кошумча операция кылуунун кереги жок. Биз анын абалына көз салып жатабыз”,-деди Сабырбек Артисбекович.

Пикир

Оставить комментарий