• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Илим тармагынын ишин жакшыртууга багытталган жаӊы мыйзам долбоору сунушталды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 4-май /Кабар/. Жогорку Кеӊеште өлкөнүн илим тармагынын ишин өркүндөтүү максатында жаӊыдан иштелип чыккан "Илим жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралуу" мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, 1994-жылы кабыл алынган "Илим жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралуу" мыйзам моралдык жактан эскирди. Акыркы жылдары өлкөнүн коомдук турмушунда, анын ичинде, илим чөйрөсүндө болгон өзгөрүүлөр аталган мыйзамдын жоболору азыркы жашоого ылайык келбей калганын көрсөттү.

Мындан тышкары, акыркы жылдары илимий изилдөөлөрдү уюштурууда, каржылоодо, өткөрүүдө жаңы принциптерге таянып иш алпаруу чараларын жөнгө салуу максатында, Өкмөт тарабынан Кыргыз Республикасынын илим тармагын уюштуруу тутумун реформалоо концепциясы иштелип чыкты.

Сунуш кылынган мыйзам долбоору илим чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик саясатты калыптандыруунун негизги багыттарын, анын механизмдери менен ишке ашыруу жолдорун аныктайт. Ал өлкөнүн социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий өнүгүүсүнүн максаттарын жана артыкчылыктарын эске алуу менен илим жана илимий-техникалык тармак боюнча мамлекеттик саясатты калыптандыруу, координациялоо жана ишке ашыруунун мыйзамдуу негиздерин жөнгө салат.

Эске салсак, экинчи окуу жүрүшүндө депутат Акылбек Жапаров илимге өзгөчө көӊүл бурган Кытай сындуу өлкөлөр кыйла жандуу өнүгүп жатканын айтып, улуттук илим тармагын өнүктүрүүгө бекитилген бюджеттин 1 пайызын бөлүү чарасын сунуштаган. Анын пикиринде, бюджеттен каржылына турган илимий долбоорлор сынак аркылуу тандалып алынышы керек.

Талкуу жүрүшүндө депутаттар тарабынан илим тармагына бюджеттен бөлүнгөн 512 млн сом негизинен кызматкерлердин маянасына гана жумшалып, илимди өнүктүрүүгө каражат жетпей жатканы, Өкмөт бул багытта кошумча чараларды көрүшү керек экени белгиленди.

Андан сырткары, илимий мекемелердин материалдык-техникалык базасын жактыртуу, илимий кызаткерлердин эмгек акысын көтөрүү, илимий долбоорлорго инвестиция тартуу чараларын жакшыртуу, илимге жаштарды тартуу сындуу бир катар алгылыктуу сунуштар берилди.

Пикир

Оставить комментарий