• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

"Илимдеги кыздар" долбоорунун алкагында 81 мектептин окуучулары ЖРТга акысыз даярдана баштады

Билим 0

Бишкек, 25.01.21. /Кабар/. "Илимдеги кыздар" долбоорунун алкагында 81 мектептин окуучуларын жалпы республикалык тестирлөөгө даярдоо акысыз жүргүзүлө баштады. Бул тууралуу "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фондунан билдиришти.

Үстүбүздөгү жылдын 23-январында "SECOM" билим берүү борборунда STEM-предметтерине басым жасоо менен Жалпы республикалык тестирлөөгө "Илимдеги кыздар" долбооруна катышкан кыздарга окутуулар башталды. Бишкек, Ош шаары, Чүй облусу жана Ош облусунун Кара-Суу районан пилоттук 81 мектептен 387 окуучу тандалып алынган.

"БУУнын Балдар фонду (ЮНИСЕФ) тарабынан "Илимдеги кыздар" долбоорунун алкагында өлкөдөгү 15-19 жаштагы окуучу кыздардын техникалык илимдерге кызыгуусун арттырып, ийгилик жаратууга шарт түзүлмөкчү. "Илимдеги кыздар" программасы 2022-жылга чейин кеминде 15 миң кызды тренингдерге катышууга тартуу максатын көздөйт. Бул долбоорду ишке ашыруу боюнча командада мыкты, тажрыйбалуу адистер тартылган", - деп айтылат маалыматта.

Долбоордун негизги максаты - кыздарды STEM багытына кызыктыруу, тартуу.

STEM (Science, technology, engineering, and mathematics) - бул илим, технология, инженерия, математика деп чечмеленгендиктен, долбоордун негизги багыты болуп кыз-келиндердин так илимдерге болгон кызыгуусун күчөтүү болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий