• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Илимдер академиясында Октябрь революциясынын 100 жылдыгы белгиленди

Коом 0

Бишкек, 03.11.17 /Кабар/. 3-ноябрда Кыргыз Улуттук илимдер академиясында Октябрь революциясынын 100 жылдыгына арналган “Октябрь революциясы: мезгил чакырыгы жана тарыхый эс-тутум” деген илимий-практикалык конференциясы өттү. Бул тууралуу илимдер академиясынын маалыматтык бөлүмү билдирди.

Конференциянын жүрүшүндө: “Мамлекеттүүлүктүн калыптануу эволюциясы”; “Калктын социалдык-маданий мобилдүүлүгү”; “Инсандын жана элдин өз ара мамиле маселелери (лидердин ролу)”; “Илим жана билим берүүнүн калыптанышы, өнүгүшү”; “Тарыхый эс-тутум жана азыркы мезгил” деген багыттагы илимий секциялар иш алып барды.

Эл аралык илимий-практикалык конференцияга КР Президентинин аппаратынын, Кыргызстандагы Россия Федерациянын элчилигинин өкүлү, Кыргызстандын, Россиянын, Франциянын окумуштуулары, коомдук жана саясий ишмерлер, жогорку окуу жайлардын окутуучулары жана Борбордук Азияны изилдөөчү Француз институтунун өкүлдөрү катышты. Кыргыз Республикасынын Президенттик аппаратынын Этникалык, диний саясат жана жарандык коом менен байланыш бөлүмүнүн эксперти Санжарбек Тажыматов КР Президенти Алмазбек Атамбаев 2017-жылдын 26-октябрындагы “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү жөнүндө” Жарлыгында: “Акыркы жылдардагы тарыхый илимдин өнүгүүсү жана анын деидеологизациясы Кыргызстан тарыхынын негизги этаптарын изилдөөдө окумуштуулардын жаңы ыкмаларды иштеп чыгуусуна, ошондой эле коомчулуктун өткөнгө болгон объективдүү көз карашына мүмкүнчүлүк түзүп берди. Үч миң жылдык тарыхы бар эл... миң жылдардан бери өзү менен бирге мамлекеттүүлүк идеясын сактап жүрдү... Көз карандысыздык деген аруу тилекти муундан-муунга өткөрүп келди... 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн соңундагы Октябрь революциясы кыргыз элине мамлекеттүүлүктү түптөө үчүн өбөлгө түзүп берди” – деп айтканын белгиледи.

УИАнын Тарых жана маданий мурас институтунун директору, корреспондент-мүчө Аблабек Асанканов Кыргызстан үчүн 1917-жылдагы революциянын тарыхый мааниси жана тарых барактарындагы объективдүү көз караштын зарылдыгы жөнүндө белгилеп: “Мамлекеттүүлүктү түзүү үчүн күрөшкөн кыргыз элинин алдыңкы бөлүгүнө өзгөчө маани берүү керек. Мамлекеттүүлүк - бул ар бир элдин эң жогорку баалуулуктарынын бири. Улуттук мамлекеттүүлүктүн жарылышы кан-жанын аябаган, мекен үчүн берилген элдик инсандарыбызды жоготууга алып келгени чын. Андыктан, биз аларды эч качан унутпашыбыз зарыл” – деген оюн билдирди.

Россия илимдер академиясынын Дүйнөлүк тарых институтунун башкы илимий кызматкери, тарых илимдеринин доктору Евгений Сергеев өзүнүн докладында 1917 – 1925-жылдардагы окуяларды (февраль революциясы, октябрь революциясы жана жарандык согуш) Россия революциясынын этаптары катары каралып жатканын айтып: “Мезгил чакырыктарына жооп берүү үчүн, биздин кесиптештердин жаңы изилдөөлөрүн эске алуу менен азыркы россиялык тарыхчылар 1917-жылдагы окуяны Улуу Россия революциясы деп аташууда; Борбордук Азиянын тарыхындагы мисал менен белгилүү болгондой, ал өздүк кыймылында демократиялык дагы, улуттук күчтөргө дагы таасир эткен бир катар баскычтарды басып өттү”, - деди ал.

Конференциянын соңунда: Октябрь революциясынын тарыхын калыбына келтирүү боюнча объективдүү илимий изилдөөлөрдү улантуу зарыл; Октябрь революциясынан улам советтик жана постсоветтик мезгилде кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн кайрадан түптөлүү процессинин позитивдүү натыйжаларына көңүл бурууну күчөтүү; Кыргыз Республикасынын Президентинин “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында республиканын жогорку окуу жайларынын жана постсоветтик өлкөлөрдүн окумуштуулары менен биргеликте кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптануусуна таасир тийгизген окуяларды, ата-бабаларды эскерүү жана тарыхый инсандар боюнча терең жана ар тараптуу иликтөөлөрдү жүргүзүү керек; Кыргызстандын тарыхы боюнча илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктардын бардык жалпы билим берүү мекемелеринин окуу программаларында чагылдыруу; Тарыхый окуяларды массалык маалымат каражаттарында чагылдыруу процессине активдүү катышуу жана башка иш-чаралар боюнча резолюция кабыл алынды.

Иш-чараны УИАнын Тарых жана маданий мурас институту, КР Президентинин аппаратына караштуу Кыргызстан элдеринин Тарыхый жана маданий мурастарынын «МУРАС» фонду, Борбордук Азияны изилдөөчү Француз институту, Ж.Баласагын атындагы кыргыз Улуттук университети, И. Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университети тарабынан уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий