• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте Мааметайып Жумагуловдун элесине арналган илимий-практикалык конференция өтөт

Коом 0

Бишкек, 20.10.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын илимине эмгек синирген ишмер, философия илимдеринин доктору, профессор Мааметайып Жумагуловдун жаркын элесине арналган «Онтология менен социалдык экологиянын актуалдуу маселелери» темасындагы илимий-практикалык конференция өтөт. Бул тууралуу КР Улуттук илимдер академиясынын басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чара Улуттук илимдер академиясы, академик А.Алтмышбаев атындагы Философия институту, Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети тарабынан уюштурулууда.

Конференциянын максаты - Мааметайып Жумагуловдун илимий эмгектерине баа берүү жана аны коомчулукка жайылтуу болуп эсептелет.

Конференцияга илимпоздор, жогорку окуу жайлардын мугалимдери жана коомдук ишмерлер, М.Жумагуловдун жакын туугандары катышат.

Конференция КР УИАнын кичи жыйындар залында 2021-жылдын 22-октябрында өтөт. Башталышы саат 10-00дө.

Дареги: Бишкек шаары, Чүй проспектиси, 265-а, 2-кабат.

Пикир

Оставить комментарий