• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Илимий иш-чаралар жаш муунга да кызыктуу болушу керек - Абдылдажан Акматалиев

Коом 0

Бишкек, 08.05.18 /Кабар/. Кочкор районундагы Белгилүү мугалим, агартуучу, Социалисттик Эмгектин Баатыры, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген мугалими Көкөбай Мамбеталиев атындагы мектепке жүз элүүдөй китеп тапшырылды. Бул тууралуу КР УИА басма сөз кызматы билдирди.

Китептерди тапшырганга окумуштуулар: академик А.Акматалиев, филология илимдеринин докторлору И.Абдувалиев, К.Абакиров, КР Президентинин алдындагы Мамлекеттик тил комиссиясындагы котормо бөлүмүнүн башчысы А.Молдоканов барган.

"Ал жерде дүйнөгө атагы чыккан жазуучубуз Чыңгыз Айтматов, Айтматовдун мааракесине арналып жарык көргөн китептер жөнүндө кеңири сөз кылдык. Мындан нары илим күндөрүн жайылтуу, илимий иш-чараларды чектелүү мекемелерде эмес, мектептерге да уюштуруу маселеси, жетишкен ийгиликтерди окуучулар арасында бөлүшүп, жаш муунду илимге кызыктыруу каралды. Илимий иш-чаралар жаш муунга да кызыктуу болушу керек" – деди академик А.Акматалиев окуучулар менен болгон жолугушуу жөнүндө.

Пикир

Оставить комментарий