• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Илхам Алиев президент Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Курман айт майрамы менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 09.07.22. /Кабар/. Азербайжан Республикасынын президенти Ильхам Алиев президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

«Ислам дининин негизги майрамдарынын бири, ыйык Курман айт майрамы руханий биримдикти жана тилектештикти, ошондой эле жакшы иштер үчүн жан аябоого даярдыкты камтыган бийик гумандуу жана адеп-ахлактык баалуулуктарды айкалыштырат», — деп айтылат Азербайжандын президентинин куттуктоо телеграммасында.

Ильхам Алиев Садыр Жапаровго чың ден соолук, бакыт жана ишинде ийгиликтерди, ал эми бир тууган Кыргызстан элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Пикир

Оставить комментарий