• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Илхам Алиевдин Кыргызстанга күтүлүп жаткан расмий сапарына даярдык талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 05.02.20. /Кабар/. Кыргызстандын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен жолукту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуу бүгүн, 5-февралда Баку шаарында өткөн.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу күн тартибинин актуалдуу маселелери талкууланды.

"Тараптар ушул жылдын күзүндө Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин Кыргыз Республикасына боло турган биринчи расмий сапарынын жүрүшүн талкуулашты. Президент Алиев Кыргыз Респуликасынын президенти Сооронбай Жээнбековдун аракеттеринен улам кыргыз-азербайжан мамилелери сапаттуу жаңы деңгээлге чыгып жаткандыгын белгиледи. Кыргыз Республикасынын экономикасына инвестиция жумшоого азербайжан тарабынын даярдыгын билдирди.
Эки өлкөнүн достугунун жана бир туугандыгынын символу болуп кала турган Кыргызстан-Азербайжан достук паркынын жана Бишкек шаарында жалпыга билим берүү мектебинин курулуш долбоорун батыраак ишке ашыруунун, ошондой эле борбор шаарлардын ортосунда түз авиакаттамды жандандыруунун маанилүүлүгү баса белгиленди", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий