• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Илмиянов: Көкпар боюнча дүйнө чемпионатында биздин курама татыктуу ойноду

Спорт 0

Бишкек, 30.08.17. /Айжамал Дуйшоева – Кабар/. Көкпар боюнча дүйнө чемпионатында биздин курама команда татыктуу оюн көрсөттү. Мындай оюн Кыргызстандын көк бөрү боюнча федерациясынын президенти Икрамжан Илмиянов билдирди.

Күн мурун көк бөрү боюнча Кыргызстандын курама командасы Казакстандын Астана шаарында өткөн көкпар ( кыргызча аталышы көк бөрү – ред) боюнча дүйнөлүк чемпионатынан кайтып келишти.

Эске сала кетсек, кыргыз улакчылары тайпалар арасындагы оюндан аттандаштарын жеңип, финалда Казакстандын курамасынан 1:4 эсебинде жеңилип калышкан.

Илмияновдун айтуусуна караганда, атаандаштар жогорку деңгээлде оюн көрсөтүшкөнүнө карабай, биздин оюнчулар татыктуу ойношту.

“Албетте, биздин команда жогорку ийгиликтерге жетиш үчүн дагы да болсо жигердүү даярданат”,-деди Илмиянов.

Мамлекеттик спорт агенттигинин директору Канат Аманкуловдун айтуусуна караганда, бүтүндөй Кыргызстан кыргыз улакчыларын оюндун аягына чейин колдоп турду.

“Силер татыктуу оюн көрсөтүп, өлкөбүздүн намысын коргогонуңар үчүн ыраазычылык билдиребиз. Чыныгы патриот катары чемпионатта татыктуу орунду багындыра алдыңар. Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун алдында силер кыргыз элинин духун көтөрүп, чыныгы көк бөрү кандай ойноло тургандыгын көрсөттүнөр”,-деди Аманкулов.

Пикир

Оставить комментарий