• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Илмияновдун иши. Айыпталуучулардын бири ооруканага жатат, жактоочулар отурумду жылдырууну суранышууда

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.09.19. /Кабар/. Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда бүгүн мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин мурунку кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун иши боюнча соттук отурум өтүүдө.

Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаардык башкармалыгынын мурунку инспектору Р. Шакировдун жактоочулары соттук ишти кароону жылдырууну суранышууда. Алар билдиргендей, Шакировго тез ара операция жасатуу керек. Жактоочулардын маалыматы боюнча Шакиров бир канча жылдан бери онкологиялык оору менен күрөшүп келет. Анын дарылануусу жана химиотерапияларды өткөрүү 2 жумадай убакытты талап кылат.

Прокурор билдиргендей, дарылануу узарып кетсе, соттук отурумдарды бөлүү керек болот.

Судья Шакиров ооруканадан негиздеме-кат алып келгенден кийин бул маселени талкулоо уланат.

Жыйын саат 14:00гө жылдырылды.

Эскерте кетсек, УКМКнын башкы тергөө башкармалыгы жүргүзгөн президенттин мурдагы кеңешчиси И. Илмиянов 150 миң доллар акча каражатын мыйзамсыз ээлеп алган деген шек менен ачылган сотко чейинки өндүрүш иши аяктаган.

Тергөөнүн жыйынтыгында И.С.Илмиянов Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү (ири өлчөмдө жасалган алдамчылык) боюнча шектүү экендиги билдирилген. Ошондой Бишкек шаардык Салык кызматынын мурдагы инспектору Р. Шакировго Кылмыш кодексинин 320-беренесинин 3-бөлүгү (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча шектелип жаткандыгы билдирилген.

Пикир

Оставить комментарий